СИЗДИН КОНЦЕРТ КӨРГӨНҮҢҮЗ - БИРӨӨНҮН ДЕН СООЛУГУНА САЛЫМ КОШКОНУҢУЗ! Ассалому алейкум, урматтуу достор, кайрымдуу мекендештер! "Лейлек Жаштары" коомдук бирикмеси уюштуруп жаткан “Боорукер жүрөк” аталышындагы кайрымдуулук концертине чакырабыз.
Жардамга муктаж болгон боордошторубузга жардам берүүгө биз муктажбыз деген ой менен биздин концерттик кечебизге келип кетүүңүздөрдү өтүнөбүз. Бир ок менен эки коён дегендей, келип башыңызды сергитип, эс алып кетүү менен бир тууганыбызга жардам берген болосуз. Белгилүү эмгек сиңирген артистердин жана таанылып келе жаткан жаш ырчылардын катышуусунда өтөт. Билет баасы 250 сом. Түшкөн каражат толук бойдон муктаж болгон боордошубузга жумшалат.
11-февраль күнү К.Кожомкул атындагы спорт ордосунун ак босогосунда баарыңыздарды жол кароо менен күтөбүз. Сиздерди терең урматтоо менен "Лейлек Жаштары" коомдук бирикмеси!
Кошумча маалымат үчүн: 0501 310035 0777 090603

Приветствую всех, дорогие друзья! Общественное объединение "Лейлек Жаштары" приглашает Вас на благотворительный концерт под названием "Доброе Сердце❤". Целью концерта является протянуть руку помощи тем, кто в этом сильно нуждается. А именно женщине, которая болеет циррозом печени. Ей в короткие сроки требуется сделать дорогостоящую операцию по замене печени.
На этом концерте Вы сможете насладиться выступлениями известных артистов нашей эстрады, а также выступлениями тех, кто только начинает покорять публику. Тем самым Вы не только сможете насладиться выступлениями Ваших любимых артистов, но и совершить благое дело. Мы просим Вас помочь тому человеку, кто как никто другой нуждается именно в Вашей помощи! С нетерпением будем ждать Вас 11 февраля во Дворце спорта имени К.Кожомкула. ДЛЯ НАС ВАЖЕН КАЖДЫЙ ГОСТЬ!
Цена билета: 250 сомов.
Все средства пойдут на операцию.
С уважением общественное объединение "Лейлек Жаштары".
Для подробной информации: 0501 310035 0777 090603

#ЛейлекЖаштарыКоомдукБирикмеси
#БоорукерЖурок